Кожа младенца. Уход. Кожа младенца. Уход.
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Наристенин териси

Териге кам көрүүнүн негиздери Балаӊыздын териси канчалык жумшак жана сезимтел боло аларлыгы таӊ калардык. Ошондуктан, ал өзгөчө кам көрүүнү талап кыларлыгы таӊ калыштуу эмес.

Экземадан жана теринин кургап кетишинен сактоо Наристелердин көпчүлүгү терисинин кургактыгынан жана экземадан жабыр тартышат. Көпчүлүк учурларда тамактануусундагы, киринүүсүндөгү жана териге камкөрүү үчүн өнүмдөрдү тандоодогу жөнөкөй эле өзгөрүүлөр бул маселени чечүүгө жардам бериши мүмкүн.

Денени жууш үчүн жумшак табигый каражат, бир аз сергек сууда киринтүү жана ваннадан кийин терини ар күн сайын нымдаштырып туруу кургактыкты азайтууга көмөк көрсөтөт.

Күндөн коргонуу Баланын назик денесин күндүн каардуу нурларынан коргоо балага кам көрүүнүн маанилүү кадамы болуп саналат. Наристе менен сейилдөөгө чыкканда, бир нече эрежени эсиӊизге түйүп алыӊыз:

  • Көлөкөдө жүрүӊүз, бала кийимдер жана тегереги кенен шляпа менен ишенимдүү корголгондугуна ынаныӊыз.
  • Дененин кийим менен жабылбаган бөлүктөрүн күндөн коргоочу май менен майлаӊыз.
  • Саат 10:00 – 16:00 аралыгында күндүн алдында жүрбөӊүз.

    EmptyView