Поздравляем - вы беременны! Поздравляем - вы беременны!
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Куттуктайбыз – сиз кош бойлуусуз!

Канчанчы жума кош бойлуу экениӊизди кантип билүүгө болот? Бул маселени аныктоодо адашып калууга мүмкүн. Себеби гинекологдор салттуу түрдө жума боюнча эсептешет, кош бойлуулук орточо алганда 40 жумага созулат. Жумаларга бөлүштүрүү эненин жатынындагы баланын өсүүсүн так көзөмөлдөөгө врачтарга мүмкүндүк берет.

Триместрлер

Кош бойлуулук ар бири 12 жумадан узактыктагы триместрлерге бөлүнөт. Себеби ар бир триместр баланын да, жана келечектеги эненин да абалынын өсүүсүнүн түрдүү баскычына ээ.

Кош бойлуулук канча жумага созулат?

Бойго бүтүрүү маселеси артта калгандан киийн, баланын төрөлүү күнү ата энелерди ойлонду-рат. Негизинен, салттуу түрдө мындай эсептешет: акыркы менструациянын биринчи күнү +7 күн+9 ай.

Албетте, ар бир аялдын циклинин өзгөчөлүгүнө жараша бул орточо алынган эсеп экендигин эстен чыгарбоо керек. Бирок мындай эсеп баланын төрөлүшүнүн так датасын гана аныктаганга жардам бербестен, триместрлер боюнча баланын жатындагы өсүүсүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн аныктаганга да жардам берет.

Ченемдеги кош бойлуулук чынында эле 40 жумага созулабы?

Болжол менен 40 жума экендигин изилдөөлөр көрсөттү. Дени сак балдар акыркы менструа-циянын башталган мөөнөтүнөн баштап 38-42-жумасында төрөлөт.

EmptyView