Советы по уходу за собой Советы по уходу за собой
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Кош бойлуу учурунда өзүнө кам көрүү.

Өсүп келе жаткан курсак кийин көптөгөн жана такыр жагымсыз чоюлуулардын күнөөкөрү болуп калбашы үчүн, кош бойлуу учурунда териге кам көрүү маселесине олуттуу мамиле жасоо зарыл. Сууга түшкөндөн кийин терини атайын косметикалык майлар, гелдер же бальзамдар менен жумшартып туруу керек.

Суюктуктун балансы жана терини нымдаштыруу.

Кош бойлуу учурунда организмдеги суюктуктун балансын кылдат көзөмөлдөп туруу зарыл. Сиздин тышкы келбетиӊиз, теринин абалы жана анын нымдалышы дал ушул суунун өлчөмүнө жараша болот. Көбүрөөк суу ичүүнү дайыма сунуштап турганга карабай, иш жүзүнө келгенде бардыгы эле бул кеӊешти сактабайт. Ошентсе да, теринин саламаттыгын, анын тонусун кармап, тамырларда кандын көлөмүн толуктап туруу жана ден соолугу чыӊ бала төрөө үчүн ичүүчү суу өзгөчө керектелет.

Беттин терисине кам көрүү.

Кош бойлуу учурунда бардык дене сыяктуу эле, тери дагы өзгөрөт: сиз дайыма колдонуп жүргөн косметикаӊыз эми сизге туура келбей калышы мүмкүн. Көптөгөн аялдарда гормондордун таасиринен улам теринин майлуулугу жогорулайт; айрымдарында болсо, тескерисинче, териси кургаганы байкалат. Кош бойлуу учурунда сиз териге кам көрүү каражаттарын өзгөртүшүӊүз керек болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле, жытсыз жана дүүлүктүрүүчү заттары болбогон жагымдуу косметиканы тандоо зарыл. Сиздин териӊиз эми мурдагыдан да сезимтал болуп калгандыгын эске алышыӊыз керек, ошондуктан дүүлүктүрбөй турган каражаттарды колдонгондугуӊуз маанилүү. Сезимтал тери үчүн каражаттарды жана табигый өнүмдөрдү колдонуу сиздин териӊизди саламатта жана сулуу сактаганга жардам бере алат.

Кош бойлуу учурунда чачка кам көрүү

Кош бойлуу учурунда чачты кыркууга болобу деген суроого жооп элдик белгилерге жана ишенимдерге ишенүү катарына кирет. Медициналык көз караштан алганда, чачты кыркуу аялдын жана баланын ден соолугу үчүн коркунучсуз, сулуулук салондоруна бул максатта баруу үчүн каршы көрсөтмөлөр жок. Бирок сиз шекчил болсоӊуз, психологиялык теӊ салмак үчүн тогуз ай бою чачты кыркпай деле койсо болот. Бирок чачты боёодон толугу менен баш тартуу керек. Туруктуу аммиак курамы балада аллергия жаратышы мүмкүн, экинчиден, боёктун өзү гормондордун таасири менен күтүлбөгөндөй жыйынтыкка алып келиши – түшүнүксүз жана туура эмес түстү берип калышы мүмкүн.

EmptyView