Пора заводить ребенка! Пора заводить ребенка!
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - кош бойлуулук жана төрөт

Бала күтүү учуру келди!

Бойго бүтүрүүдөн сактанбай, жыныстык жашаган биринчи айында жуптардын 25%ы гана бойго бүтүрө алат. Бул бактылуулардын катарына кантип кабылуу керек?

Өзүнүн жекече циклин аныктоо үчүн узак мөөнөт бою циклдин жана овуляциянын календа-рын жүргүзүү сунушталат.

Овуляция мөөнөтүн билүүнү бойго бүтүрүү үчүн да, жана каалоосуз кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн да пайдаланууга болот. Овуляцияны алдын ала билүү так эмес илим, себеби ал орто-чолонгон жыйынтыктарда топтолот. Ошондуктан овуляция боюнча тесттерде дайыма дис-клеймер болот – эч кандай кепилдик болбойт.

Аялдар циклинин кайсы убагында бойго бүтүрүү жакшы?

Овуляция мезгилине жакын жыныстык катнаш (жумуртка клеткасы жумуртка баштыгынан чыгарылганда) – бул бойго ийгиликтүү бүтүрүү үчүн туура келген убакыт. Жумуртка клеткасы болгону 12 ден 14 саатка чейин гана жашайт, бирок биздин ичибизде-ги сперматозоиддер сперманын саламаттыгына жараша, бир нече сааттан бир нече күнгө чейин жашай алышат.

Бойго бүтүрүүнүн мыкты убактысы – овуляция. Овуляцияга чейин бир нече саат мурунку жана овуляция учурундагы жыныстык катнаш бойго ийгиликтүү бүтүрүү үчүн маанилүү.

Эгер жыныстык катнаш овуляцияга чейин бир күн мурун болсо, анда сперманын көптөгөн саны жумуртка клеткаларынын жетилишине даяр болгон фаллопий түтүктөрүндө экенди-гине олуттуу мүмкүнчүлүк болот.

Туура шарттарда эӊ жигердүү сперматозоид болжол менен 2 мүнөт ичинде жатындын моюн-часы аркылуу жатын-курсакка жылып өтө алат, алардын өлчөмүн жана алар басып өтүүчү аралыкты эске алып, анын ылдамдыгын элестетип көрүӊүз.

Сперматозоиддердин айрым бөлүктөрү бир топ узак жашагандыктан, овуляцияга чейинки 6 күн мурунку жыныстык катнаш да бойго бүтүүгө алып келиши мүмкүн.

Сиздер билишиӊиздер керек болгон эӊ маанилүү маалымат, эгер сиз балалуу болууну пландап жатсаӊыз, анда өз циклиӊизди жана болжолдуу овуляция качан болорлугун били-шиӊиз керек.

EmptyView