Баланын киндигинин грыжасы жөнүндө 10 миф.
Баланын курсагы көп учурларда энесин уйкудан калытарт. Балада киндик грыжасын тапкан учурда, үй бүлө толугу менен идеяларды жана кеӊештерди айта башташат. Бул тууралуу мифти жоготконго аракет кылалы.
Грыжа жок экенин энеси билет!Баланын грыжасын өмүрүнүн биринчи жылында эле байкабай калууга болот. Эмне себептен? Бала көп учурда горизонталдык абалда болот, мындай учурда оордук күчүнүн аракети менен курсак жалпайып турат. Бала отуруп жана басып баштаганда – көӊүл буруу учуру болот.
Киндиктин грыжасы наристе кезде өсүүнүн тубаса кемтиги, киндик шакекчесинин аймагындагы апоневроздун дефектиси болуп саналат. Апоневроз – алдыӊкы карын бетинин булчуӊдарынан пайда болуучу калыӊ ак тарамыш. Бул ички органды коргоп турган «калкан». «Калкан» тубаса алсыз болуп калса, ички органдар киндиктин зонасында керилип чыгып, киндик шакекчеси аркылуу карындын сыртына чыгып калмак. Бирок грыжага врач кана диагноз кое алат.
Киндиктин грыжасы – баланын өмүрүнө коркунучтуу!Андай эмес. Киндик грыжасы 99% учурунда баланын өмүрүнө коркунуч алып келбейт. Балага дискомфор жаратпайт жана өтө сейрек кыпчылат. Бирок бала чоӊоюп бара жатканда, анын грыжасы дагы бардык кооптуу кесепеттери менен бирге «чоӊго» айланат. Чоӊ кишилерди киндик грыжасынын кыпчылып калышы өмүргө коркунуч алып келет.
Киндик грыжасын пайда кылып алууга болот – жөтөлүп жана ыйлап. Ыйлап же жөтөлүп грыжаны пайда кылуу мүмкүн эмес. Бул деген тубаса кемтик. Абалды татаалданта турган төрт абалды бөлүп көрсөтүшөт:
Тамакка табити жакшы жана курсагы чоӊ баланы дароо эле тобокелдик тобуна киргизип койгонго болбойт. Грыжанын өлчөмү баланын дене түзүлүшүнө көз каранды эмес.
Жалгыз эле жол – операция.Андай эмес. 5 жашка чыкканча киндик грыжасы өзүнөн өзү жок болуп кетет деп эсептешет. Кичине өлчөмдөгү грыжа ушундай эле болот. Чоӊ грыжаны кичине грыжадан врач гана айрмалай алат. Татаал учурда баланы 1 жашында же бир аз андан өткөндө операция жасашат. Кырдаал катуу болбосо, грыжа кичине өлчөмдө болсо, врач адисте көзөмөлдө болуп, 5 жашында операция жасалышына кеӊеш берет.
Пресс чыгарабыз – грыжа жашынып калат! Наристеге прессти топтоого мүмкүн эмес. Ал гана эмес улураак жаштагы балдарды күн сайын спорт менен алектенүүгө тартуу оӊойго турбайт. Алдыӊкы карын бетинин булчуӊдарын чыӊдоонун эӊ натыйжалуу ыкмасы - сууда сүзүү.
Бандаж жана пластырь киндикти ордуна коюп коёт! Жалкоолор үчүн вариант жарабайт. Натыйжа алуу үчүн бандажды минимум 2-3 жыл тагынып жүрүү керек. Атайын бандаждарды врач операция боло электе же операциядан киийнки мөөнөткө сунуштайт. Пластырь такыр болбойт. Грыжаны чаптап коюу – дерматологго карай түз жол деп эсептейт биздин эксперт. Баланын назик териси мында жаракат алып, сезгенет.
Киндик грыжасына чоӊ эненин «5 тыйыны». Тыйынды чаптоо, төө буурчакты жана башка жүрөккө жакын нерселерди таӊып коюуну тарых кылып эле артка таштайлы. Бул ыкмалар натыйжасыз.
Грыжа барбы же жокпу – балага баары бир. Киндик грыжасы – оорутпайт дагы, андан өмүр да өчпөйт. Ага толук көӊүл бурбай койсо, бала жабыркабайт. Бирок баланы бактылуу кыла бербеген минимум эки фактор бар. Биринчиси – балдар жамаатында психоэмоционалдык жабыркоо. Эртеби кечпи бала алардан «өзгөчөлөнөрүн» сезет. Экинчиси – бала биз ойлогондой эмес тез өсөт. Ал жакында дене бойлук аракетти талап кылган кесипти тандайт, же эне болгусу келет. Ошондо көйгөй башталат. Грыжага чоӊоюп калганда операция жасоо – татаал да, кооптуу да процесс.