Позвольте малышу выбирать самостоятельно Позвольте малышу выбирать самостоятельно
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Балаӊызга өз алдынча тандоого мүмкүндүк бериӊиз.

Баланы тандоо жасаганга жана чечим кабыл алганга кантип үйрөтүү керек? Өз алдынчалуулугу үчүн шарт түзүп берүү менен, сиз баланын келечегин бир топ жеӊилдетесиз.

Балага тандоону сунуштап жатып, 3 эрежени эске алуу маанилүү:

Эмнеден тандоо керектигин белгилеп коюӊуз, болбосо бала сүрдөп калат.

  • Бала сиздин колдооӊузду сезиши, ага керек болсо сизден кеӊеш жана сунуштама алышы керек.
  • Бардык чечимдердин кесепети бар экендигине баланын көӊүлүн сөзсүз буруӊуз. «Эгер сен азыр темир жолду ойнош үчүн алып чыксаӊ, биз бассейнге жетишпей калбыз. Сен сүзгөндү жакшы көрөсүӊ го?»
  • Бала өзүнүн тандоосунун натыйжасына нааразы болуп калдыбы? Ал кандайча болуп өттү, мындай жагымсыз нерсе кайталанбаш үчүн кийинки жолу эмне кылыш керек экендигин бала менен талкуулаӊыз.
  • Балдар тандоодон качышкан же чечимди өтө узак кабыл алган учурлар болот: бир нерсени тандоо менен ал башка варианттардан баш тартканга аргасыз болот, жана балким ката кетирип жатамбы деп кабатырланат. Ал эӊ мыкты же «идеалдуу» вариантты эмес, ага өзүнө жакканын же ошол учурда туура деп сезилгенин тандап жатканын балага түшүндүрүӊүз. Эгер ал жаӊылса да – бул коркунучтуу эмес, ката адамга көп нерсени үйрөтөт!

    Балага тандоого мүмкүнчүлүк бериӊиз:

    Тамак аш. Албетте, балага «эмнени жегиӊ келип жатат?» деген суроону бербеш керек. Ага эки вариантты тандоого сунуштоо жакшыраак жана натыйжалуураак болот. Мындай мүмкүнчүлүк болбосо дагы, «салатты эмне менен аралыштыргыӊ келип жатат – каймак май мененби же олифка майы мененби?» деп сураганга болот. Кийим кече Баланын гордиробун баалаӊыз жана кийимдерин эркин алгыдай калтырыӊыз. Бала каалаган вариантын тандап алып, жагымдуу көрүнүшү үчүн бири бирине айкашкан кийимдерди тандаӊыз. Оюндар жана окуулар Бир күн бою эмне менен алектенээрин баланын тандоосуна мүмкүндүк бериӊиз. Кайсы материалдар менен сүрөт тартаарын, эмне кылаарын жана натыйжасын эмне деп эсептээрин өзү тандасын. Сейилдөө Бүгүн каякка бараарыӊарды жана эмне менен алектенериӊерди бала менен талкуулаӊыз. Демилге бериӊиз, бирок сөзсүз түрдө варианттарын сунуштаӊыз. Көӊүл ачуу Дем алыш күндөрү менен алектенгиӊиз келип жатканын алдын ала талкуулаӊыздар, ошондой эле ага бир нече варианттарды сунуштаӊызр. Баланын каалоосуна ылайык дайым эле үй бүлө толугу менен аракеттенбесе дагы, анын пикири эске алынганына бала ыраазы болот.

    EmptyView