Время менять размер подгузников Время менять размер подгузников
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Жалаяк шымдарды алмаштыруу учуру келди.

ХХ кылымдагы эӊ маанилүү ойлонуп табылган, жана алар адам баласынын күнүмдүк жашоосун өзгөрткөн 30 ачылыштын тизмесине француз социологдору жалаяк шымды киргизгенин билесизби?

Азыр аны бала төрөлгөн күндөн баштап, бала горошокко отурганга чейин колдонушат. Теринин бышып кетүүсү, дүүлүгүүсү жана баланын назик денесин кысып коюу сыяктуу көйгөйлөрдөн арылуу үчүн жалаяк шымдын өлчөмүн билүү маанилүү.

Өлчөмүн кантип ченөө керек?

Жалаяк шымды жаш курагына жараша тандабаӊыз. Ар бир бала уникалдуу жана түрдүү салмакка жана бойго ээ. Жалаяк шымдардын өлчөмү кг менен айырмаланат. Бул белги дайыма таӊгакта көрсөтүлөт. Туура келген өлчөмдү тандаганга аракет кылыӊыз. Өтө чоӊ жалаяк шымдан агып калат, ал эми кичинеси денесин өйкөп, кысып сүрүлүп, жарат пайда кылат. Эгер сиз өлчөмүнө ишенбесеӊиз чоӊурак өлчөм тандаган жакшы.

Маанилүү нюанс – өлчөм канчалык кичинекей болсо, таӊгактагы жалаяк шымдар ошончолук көп. Бул болсо жаш өскөн сайын заара чыгаруу азайганы менен байланыштуу.

Жалаяк шым өлчөмү боюнча туура келээрине кантип ынануу керек?

  1. Жалаяк шым баланын денесинде киндигине чейин бекем тартылган жана кыспайт. Агып кетүү манжеттери тышында, бутунда калышы керек.
  2. Балага жалаяк шым тар эмес, жана ал анын терисин кысбайт.
  3. Жалаяк шымды чечкенден кийин баланын териси кургак калат. Анын териси бышкан жана кызарган эмес.

Эгер төмөнкүдөй болсо чоӊ өлчөмдөгү жалаяк шымды тандоо керек:

  1. Жалаяк шым баланын белин толук жаппайт.
  2. Белинин жана жамбашынын тегерегинде кызыл тактар көрүнүп турат.
  3. Бир жолу заара ушаткандан кийин, жалаяк шым толугу менен суу болуп калат.

Туура өлчөм тандап алып сиз баланы дискомфорттон жана агып калуулардан арылтасыз.

EmptyView